Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Орусия аткезчиликти азайтууга жаңы жабдууларды берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште кечээ, 6-майда “2020-жылдын 13-ноябрында Москва шаарында кол коюлган кыргыз өкмөтү менен Орусиянын ортосундагы Кыргызстандын салык башкаруу системасын өнүктүрүү максатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, бул келишимдин негизинде Орусия Кыргызстанга кошумча нарк салыгын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында техникалык жардам берет. Анда 2022-жылга чейин керектүү миӊ аппарат берилүүгө тийиш.

Салык кызматынын маалыматына караганда, жаӊы жабдуулар контрабанданы азайтат жана көмүскө экономиканы ашкере кылганга шарт түзөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, көмүскө экономика болжол менен ИДП көлөмүнүн 23-24% түзөт. Ал эми эл аралык уюмдардын иликтөөсү андан кыйла көптү – көмүскө экономика ИДПнын 40% жакынын ээлерин көрсөтүп келишет. (MiK)

XS
SM
MD
LG