Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

COVID-19: үч бейтап көз жумду, 385 адамдан жаңы аныкталды


Вирустун микроскоптон көрүнүшү.
Вирустун микроскоптон көрүнүшү.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы үч бейтап жумду. Алар Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында.

Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 7-майга карата 385 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 348 киши айыкты.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор расмий эсепте 1643кө жетти.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды.

Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык "Astra Zeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Илдетти жугузуп алгандардын жалпы расмий саны 97 663, айыккандар 90 959 кишини түздү.

XS
SM
MD
LG