Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

ОшМУ: Тажикстандык студенттер 26-апрелден тарта аралыктан окууга кеткен


3-майда Тажикстанга Кыргызстандан кайтып барган жарандардын тизмеси. ("Азаттыктын" тажик кызматына келген сүрөт)
3-майда Тажикстанга Кыргызстандан кайтып барган жарандардын тизмеси. ("Азаттыктын" тажик кызматына келген сүрөт)

Ош мамлекеттик университети 26-апрелден тарта коронавирус жуктуруп алгандардын саны өсүп жаткандыктан студенттерди аралыктан окутууга кетирген. Анын арасында коңшу Тажикстан, Өзбекстандан келген студенттер да үйүнө жиберилген. Бул тууралуу Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча проректору Жылдыз Артыкова "Азаттыкка" билдирди. “Коронавирус күчөп, карантинге алынган да группалар болду. Ошондуктан биз окууну онлайн тартипке өткөрдүк. Ошого карабай бул жакта калган студенттер бар болчу. 30-апрелдеги окуядан кийин студенттер биз үйлөрүбүзгө кете берели, жардам бериңиздер деп кайрылышты. Анан биз университеттен транспорт уюштуруп берип, өз өлкөсүнө чыгарып койдук” - деди Артыкова.

Ош мамлекеттик университетинде жалпысынан 600гө чамалуу тажикстандык студент билим алат. Учурда алардын айрымдары Кыргызстанда калып, окуусун кадимки тартипте улантып жатат.

"Азаттыктын" тажик кызматына Лахш райондук администрациясынын башчысы Файзулло Баротзода соңку күндөрү тажик паспорту бар 42 жаран Кыргызстандан "депортацияланганын" билдирген. «Арасында жаш балалуу үй-бүлө бар, калганы студенттер. Алардын ичинен бешөөнүн кош жарандыгы бар" - деп айткан райондун жетекчиси. "Азаттыктын" тажик кызматы 3-майда Тажикстанга кайтып келген 14 жарандын тизмесинин сүрөтүн жарыялады.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Кыргызстандан депортацияланган же өлкөдөн чыгарылган эч ким жок экенин "Азаттыкка" билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG