Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

АКШ Ооганстандан аскерлерди чыгаруу үчүн кошумча аскердик учактарды тартты 


Ллойд Остин
Ллойд Остин

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 6-майда журналисттерге америкалык жана коалициялык күчтөрдү коопсуз чыгарып кетүү үчүн кошумча аскердик учактар тартылганын билдирди.

"Президенттин чечимине ылайык, Американын узакка созулган согушка катышуусу соңуна чыгат. Биз мына ушул нерсени аткаралы деп жатабыз. Чечим жарыялангандан бир жумага жетпей аскерлердин саны планга жараша кыскартылып жатат. Ошол эле учурда биз коопсуздук боюнча ооган өнөктөштөрүбүз менен жаңы эки тараптуу алакаларга өтүп жатабыз. Ага ылайык, жалпы максаттарыбызга жаңы, ар башка жолдор менен жетүүнүн үстүндө иштейбиз,- деген Остин эл аралык күчтөр түз чабуулдарга кабылбаганын кошумчалады.

Ал эми Пентагондо штабдардын биргелешкен комитеттеринин төрагасы Марк Милли армиянын коопсуздугу үчүн жана ар кандай күтүлбөгөн окуялардын алдын алуу максатында B-52 үлгүсүндөгү алты бомбалоочу учак жана F-18 үлгүсүндөгү аскердик учактар тартылганын маалымдады.

Остин менен Миллинин бул билдирүүсү Ооганстандын баардык аймактарында талибдер өкмөттүн аскерлерине жана базаларына чабуулдарын күчөткөн маалда айтылды. Генерал Милли «Талибандын» жоочулары күнүгө ооган өкмөтүнүн обьектилерине 80-120 жолу чабуул коюуп жатканын белгиледи.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнө кол салууларды улантууда. Соңку бир жылда эле алар күнүнө 80-120 жолу чабуул коюп жатышты. Мындай көрүнүштөр 1-майдан бери да катталууда. Ал эми америкалык күчтөр чыгарыла баштагандан бери АКШ жана коалиция күчтөрүнө эч кандай кол салуулар болгон жок. Былтыр да мындай учурлар катталган эмес.

Америкалык аскерлер Ооганстандан расмий түрдө 1-майдан тартып чыгарыла баштаган. План боюнча АКШ менен НАТО аскер күчтөрүн быйыл 11-сентябрга чейин чыгарып бүтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG