Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

“Талибан” Ооганстанда айттан улам чабуулдар токтотуларын жарыялады


Ооганстандагы соңку кандуу окуя. Кабулда жардыруудан жаракат алгандарды ооруканага алып келишүүдө. 8-май, 2021-жыл.
Ооганстандагы соңку кандуу окуя. Кабулда жардыруудан жаракат алгандарды ооруканага алып келишүүдө. 8-май, 2021-жыл.

“Талибан” кыймылы 10-майда мусулмандардын ыйык Рамазан айынын аягында белгиленчү Орозо айт майрамында үч күн ок атуу токтотуларын жарыялады. Кыймылдын согушкерлерине эл майрамды тынч белгилөө үчүн “айттын биринчи күнүнөн баштап үчүнчү күнүнө чейин чабуулдарды токтотуу” буйругу берилди.

Орозо айт майрамы айдын жаңырышына жараша 12-же 13-майда башталат. Бул күндөрү ок атышууну токтотуу тууралуу өкмөттүн сунушуна “Талибан” дароо жооп берген эмес.

Мындай чечим ооган өкмөтү талибдерди Кабулдун батышындагы балдар жана кыздар чогуу окуган мектептеги 8-майдагы жардырууга айыптагандан кийин болду. Ал жардырууда кеминде 50дөй адам өлүп, 100дөн ашыгы жаракат алды. Көз жумгандардын көпчүлүгү 11-15 жаштагы өспүрүмдөр.

Талибдер бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, кол салууну айыптады. Бул Кабулдагы акыркы айлардагы эң кандуу чабуул болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG