Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:42

Молдокматовдун адвокаты райондук соттун токтомуна каршы арызданат


Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май, 2021-жыл. Бишкек.
Жеңиш Молдакматов. ИИМ имаратынын алдында. 8-май, 2021-жыл. Бишкек.

“Туран” партиясынын лидери, оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовдун адвокаты Кантемир Турдалиев Биринчи май райондук сотунун токтомуна каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирип, райондук соттун чечимин колуна алганын айтты.

“Жеңиш Молдокматовго биринчи Жазык кодексинин “Имараттарды жана курулуштарды басып алуу” беренеси менен айып коюлган. Аны эми “Массалык башаламандыктар” беренесине которуп бардык күнөөнү илип атышат. Бул – абсурд”.

Былтыр парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 8-майда Биринчи май райондук сотунун токтому менен эки айга камалды. Адвокаты эми анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу шаардык сотко арыз жазарын кабарлады.

Милиция Молдокматовго алгач былтыр октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деген айып таккан. Кийин беренени өзгөртүп октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койду.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп баалады. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келе жатат.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG