Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Ниязов: Кыргыз-тажик чек ара маселесин күч менен бир да тарап чече албайт


Мирослав Ниязов.
Мирослав Ниязов.

Кыргызстан да, Тажикстан да ортодогу чек ара маселесин күч менен эч убакта чече албайт. Мындай пикирин 10-майда «Азаттык» радиосуна курган маегинде Кыргызстандын Ооганстандагы элчиси Мирослав Ниязов билдирди:

«Бул жерде аймактык талаш-тартыш бар. Муну бир гана дипломатиялык жол менен чечиш керек. Тажикстан түрк тилдүү элдин арасында турат, жалгыз эле Тажикстан биерде. Эң биринчи союздашы – Иран, алардын маданияты да, тили да бир. Бирок Иран менен мамилеси түп-тамырынан бузулган. Бүгүнкү күндө булар түрк тилдүү элдин арасында жалгыз. Кошуналар ачык айтпаса да ичинде нааразычылык бар. Тажик туугандар муну да эске алып коюшу керек. Дипломатиялык гана жол. Башка жол тажиктерде жок. Потенциалдуу конфликт бар, аны жок деген эч ким жок. Муну согуш жолу менен, күч менен эч ким ала албайт. Чек ара маселесин бир да тарап күч менен чече албайт».

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды.

Эки өлкө тең бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгоду. (RK)

XS
SM
MD
LG