Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Иран Ирактагы консулдугун бутага алган чабуулду айыптады


Ирандын Карбала шаарындагы консулдугу.
Ирандын Карбала шаарындагы консулдугу.

Тегеран белгилүү активисттин өлүмүнөн кийин Ирактын Карбала шаарындагы Ирандын консулдугун бутага алган чабуулду айыптады. Мындай мазмундагы расмий кат Ирактын Тегерандагы элчилигине жолдонгонун Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сайед Хатибзаде 10-майда билдирди.

"Ирак өкмөтүнүн эл аралык милдети - бул өз аймагындагы дипломатиялык жайларды коргоо", - деди Хатибзаде.

9-майда ондогон демонстранттар Карбаладагы Ирандын консулдугунун алдына чогулуп, дипломатиялык жайдын аймагына өрт коюшкан. Коопсуздук кызматкерлери митингчилерди таратуу үчүн курал колдонгону, андан кеминде 10 киши жараат алганы кабарланган.

Мындай нааразылыкка 8-майда белгилүү активист Ихаб Вазнинин белгисиз адамдардын колунан каза тапканы себеп болду.

Вазни 2019-жылы өкмөткө каршы ири демонстрацияларды уюштурганы менен таанымал. Ал коррупциянын тамырын кыркууну талап кылып, Иранга байланышы бар аскердик кошуундардын жана Тегерандын Ирактагы таасирин сынга алып келген. Анын өлүмү Ирактын Басра, Нажаф өңдүү башка шаарларында да каршылык акцияларына түрткү берди.

Мурдагы ирактык диктатор Саддам Хуссейн бийликтен кулатылгандан бери Иран менен Ирактын бийлигинин ортосунда алака-катыш жакшырган.

XS
SM
MD
LG