Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

COVID-19: Казакстанда 1,6 миллион адам эмдөөдөн өттү


Алматыдагы медицина кызматкери, 27-апрель 2021-жыл.
Алматыдагы медицина кызматкери, 27-апрель 2021-жыл.

Казакстанда 10-майга карата 1,6 миллион адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү билдирди. Натыйжада Казакстанда эмдөөдөн өткөндөрдүн жалпы көрсөткүчү калктын 10 пайызына чукулдап баратат.

Өлкөдө Орусиянын «Спутник V», Казакстандын QazVac жана Кытайдын "Sinopharm" вакцинасы сайылып жатат.

Өзбекстанда дем алыш күндөргө карата коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион 123 миңден ашуун дозасы колдонулду. Бул жалпы калктын 3 пайыздан ашыгын түзөт.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 40 миңдей киши вакцина алды. 10-майда Бишкекке “Спутник V” вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келди.

XS
SM
MD
LG