Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Казанда мектептеги ок атуунун курмандыктары көбөйдү


Казан шаары. 11-май, 2021-жыл.
Казан шаары. 11-май, 2021-жыл.

Татарстандын борбору Казандагы мектептеги ок атуудан набыт болгондордун саны тогузга жетти. Бул тууралуу республиканын башчысы Рустан Минниханов билдирди. Анын айтымында, мектептеги кандуу окуяда каза болгондордун жетөө мектеп окуучулары, бирөө мугалим жана мектепте иштеген дагы бир адам:

«Биз жети баланы жоготтук. 8-класста окуган төрт эркек бала жана үч кыз. Бир мугалим. Дагы бир аял, мектептин кызматкеринен ажырадык», -деди Минниханов.

Учурда 20 адам жараат алып, ооруканада. Алардын он сегизи мектеп окуучулары.

11-майда эртең менен Татарстандын борбору Казандагы №175 гимназияга куралчан адам кирип келип, ок аткан. Үрөй учурган окуя башталганда окуучулар имараттын терезелеринен эвакуацияланган. Кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Казандын тургуну кармалганы белгилүү болду. Бул окуяга байланыштуу Татарстанда 12-майда аза күтүү жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG