Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:37

Бишкекте коомдук транспорттун саны көбөйөт


Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.
Бишкектин көчөсүндөгү автобус. 2020-жыл.

Алдыдагы бир жылда Бишкекке Өзбекстандан 350 автобус келет деп күтүлүүдө. Коомдук транспорттун биринчи партиясы шаардын каттам линияларына 1-июлга чейин келип, иштей баштайт.

Мындай макулдашуу бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык мэриясы менен жеке менчик «Эко пассажирские перевозки» ишканасынын ортосунда түзүлдү. Бирок автобустардын баасы жана кандай шартта сатып алынары тууралуу толук маалымат берилген жок.

Учурда Бишкекте мэрияга караштуу транспорт ишканасынын 140 троллейбусу, 110 автобусу иштейт. Мындан сырткары жеке фирмалардын 20га жакын автобусу эл ташыйт.

Расмий маалыматка ылайык, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн Бишкекке кеминде миңге жакын автобус керек.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө жолго мындай автобустардын миңге жакыны чыгат.

Учурда кичи автобустардын жол киреси - 10 сом, автобус менен троллейбустардыкы - 8 сом. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG