Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча расмий маалымат берилди


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал көзөмөлдө, 13-майдагы окуяга күнүмдүк жашоодо боло жүрчү катардагы себеп түрткү болду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташ чыккан. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылдарынын тургундары чек арага топтолгон.

Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

"Эки тараптан топтолгон эл тарады. Чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешти" деп билдирди облус акимчилиги.

Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери жеринде териштирүү башташты.

Чек арада чыр чыгып, бир кыргызстандык сабалганын, эки тараптын чек арачылары окуя болгон жерде сүйлөшүп жатышканы, 30-40тай адам топтолуп турганын “Азаттык” буга чейин маалымдаган.

Өзбекстан тарап азырынча бул окуя тууралуу расмий маалымат бере элек.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан кийин дагы 10 процентке жакыны такталганын өкмөт быйыл 17-февралда билдирген.

24-25-мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, калган тилкелер боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканы маалым болгон.

Чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышканы быйыл 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев айткан. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG