Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

“Centerra Gold” кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергенин билдирди


Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.
Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.

16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады. Бул тууралуу билдирүү чет элдик компаниянын сайтына жарыяланды.

"Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же "Кумтөр Голд Компани" ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айыппулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт.

Канадалык компания ошондой эле Бишкек келишимге келбесе, "Кумтөр Голд Компани" тарткан бардык чыгым үчүн арбитраждык сотто кыргыз өкмөтүнүн жоопкерчилигин кароону өтүнөрүн билдирет.

"Центерра Голддун" президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри “компаниянын өз укугун, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жана акционерлердин кызыкчылыгын арбитражда коргоодон башка аргасы калган жок. Эгерде өкмөт конструктивдүү диалогго барууну кааласа биз даярбыз” - деп билдирет.

Билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн "мыйзамсыз аракеттери" катары: 6-майда Кумтөрдү сырттан башкарууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы, 7-майдагы соттун 3 миллиард доллар экологиялык доо койгон арызды шашылыш канааттандырганы, укук коргоо органдарынын "Кумтөр Голд Компанинин" бир катар менежерлеринин үйүнө чейин барып кызматкерлерин коркутканы, 15-майда компаниянын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөнү белгиленген.

Компания тараптарда ишти карай турган арбитрды тандоого 28 күн бар экенин эскерткен. Эгер тараптар арбитр ким болоору тууралуу мунаса таба алышпаса, анда “Центерра” арбитрды дайындап берүү өтүнүчү менен Гаагадагы Туруктуу арбитраждык сотко кайрылмакчы.

16-майда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) кыргыз парламенти 17-майда «Kумтөр Голд Компанини» мамлекетке өткөрүү жараянын баштоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн экенин белгилеп, тынчсыздануусун билдирди. Эл аралык банктын кайрылуусунда “бул сыяктуу чечимдер Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн жана чет элдик инвесторлордун алдындагы милдеттенмелерин аткаруусуна шек жаратат” деп айтылат. Банк бул өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө жана инвесторлор үчүн "кооптонууну пайда кыла турган тобокелдик" экенин белгилейт.

17-майда Кумтөр кени боюнча депутаттык комиссия парламентте маалымат берет.

Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган. 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керек экенин белгилеп, жалпысынан «Кумтөр Голд Компани» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту канадалык компанияны Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда "Центерра Голд" компаниясы билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга каршы келерин, "Кумтөр" мыйзамдарды бузбаганын билдирген. Ал эми анын түзүүчүсү “Центерра Голд” жалдаган юридикалык компания кыргыз өкмөтүнө сүйлөшүүгө 45 күн убакыт берип, бул аралыкта тараптар бир пикирге келе албаса, эл аралык арбитражга даттана турганын жарыялага.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG