Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Ош: Шайлоо үчүн жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арыз жазылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык кеңешине шайлоого катышкан “Улуу Журт” саясий партиясы шайлоону уюштурууга жооптууларга каршы Башкы прокуратурага арызданды. Бул тууралуу 18-майда “Азаттык” радиосуна партиянын төрагасы Мирлан Орозбаев билдирди.

Натыйжада жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоону уюштурууга салык төлөгөн элдин акчасы кеткенин айткан Орозбаев “Шайлоо учурунда өз милдетин жакшы аткарбаган же өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ашыкча аткарган аткаминерлерге иш козголуп, жоопко тартылышы, иштен кетиши” керектигин айтууда:

“Себеби ошол эле аткаминерлер отурганда таза шайлоо өтүшүнө көзүбүз жетпейт. Айрыкча Ош шаарынын мэри. Буга чейинки шайлоолордо да административдик ресурсту одоно колдонушту. Ошондой болбошу үчүн алдын ала ушундай кадамга бардык”.

Ош шаардык кеңешине тогуз партия ат салышып, төртөө өткөн. Алар: “Ата-Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги”, “Ынтымак”, “Ыйман-Нуру”. Алты партия - “Улуттар биримдиги”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Республика”, “Бир Бол” жана “Бүтүн Кыргызстан” жыйынтыкка нааразы болуп, президентке кайрылуу жолдошкон. Алар "шайлоо ыплас өттү" деп Ош шаардык мэриясы мыйзам бузууга барганын айтышкан жана мэр Таалайбек Сарыбашевдин жоопкерчилигин карап чыгууну талап кылышкан.

Мэр Таалайбек Сарыбашев өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, “Мэр катары баарына калысмын. Эгер бирөөндө мен административдик ресурс колдонгон, элди үгүттөгөн факт болсо берсин, моюнга алам. Мен калыс бойдон турам деп сөз бергем, убадамды аткардым. Ар бир партия өзүнүн колунан келишинче иштеди” деп билдирген.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG