Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Катталбаган машинелер эреже бузганда жоопко тартуу жагы каралат


«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.
«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов башка мамлекеттин номуру менен жүргөн автоунаалар жол эрежесин бузган учурда аларды жоопко тартуу механизмин киргизүү каралып жатканын билдирди. Саркулов бул тууралуу 18-майдагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айтты.

“Жогорку Кеңештин сайтына Бузуулар кодексинин жаңы долбоору илинип турат. Ошол жерге биз башка мамлекетте каттоодон турган транспорт жол эрежесин бузган учурда базада жок болсо дагы, кармап жоопко тартуу талабын киргизели деп жатабыз. Бул маселе жакында чечилет”, - деди.

Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун байкоо камералары өлкөдө расмий катталган автоунаалардын гана номурун таанып, жол эрежесин бузгандарды каттай алат.

18-майда Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Минстрлер кабинети даярдаган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул өзгөрүүлөргө ылайык, “Коопсуз шаар” долбоорунун айрым беренелеринин айып пулдары арзандайт.

“Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде коюлган камераларга 2019-жылдын 4-мартынан 2021-жылдын 26-мартына чейин 2 миллион 239 миңден ашуун жол эрежесин бузган учурлар катталган. Айдоочулар айып пул эрежеси киргенден тартып мамлекеттик бюджетке жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык акча төлөшкөн. "Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG