Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Бишкек: Комментарий үчүн соттолгон качкындын иши Жогорку сотко өттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбуктагы» комментарий үчүн беш жылга эркинен ажыратылган ооганстандык качкын Камран Шинваринин иши боюнча 19-майга белгиленген сот отуруму болгон жок. Анын адвокаттарынын кассациялык даттануусу Жогорку сотто каралмак, бирок прокурордун өтүнүчү менен башка күнгө калтырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Акмат Алагушев билдирди.

Адвокаттын айтымында, кийинки отурум 25-майга пландалды:

“Прокурор IT адис менен консультация керек экенин айтып, өтүнүч келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырды”.

Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу") менен айыпталган Камран Шинварини райондук сот 2020-жылдын октябрында беш жылга абакка кескен.

Быйыл февралда шаардык сот ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Адвокаттар өкүмдү негизсиз жана далилсиз деп атап жатышат. Милиция анын айыптуу экенине далил бар экенин айтууда.

Мыйзам боюнча, кастыкты козутуу үчүн жаза чарасы катары 2,5-7,5 жылга эркинен ажыратуу каралган. Парламентте айрым депутаттар эркинен ажыратпастан, айыппул төлөтүү керек экенин айтып келишет.

Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Автандил Жоробеков кармалып, кийин кайра коё берилген, окутуучу Темир Болотбек Жогорку соттон акталган. Быйыл февралда Интернеттеги комментарийи үчүн кылмыш жообуна тартылган адвокатка карата өкүм чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG