Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Адвокат Интернеттеги комментарий үчүн соттолду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Интернеттеги комментарийи үчүн кылмыш жообуна тартылган адвокатка карата өкүм чыкты. Бул тууралуу 8-февралда “Азаттык” радиосуна Жогорку cоттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2-февралдагы өкүмү менен ал айыптуу деп табылып, мамлекетке 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Кылмыш иши Башкы прокуратурада 2018-жылдын май айында мурдагы Жазык кодексинин “Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу” деген 299-беренесинин негизинде козголгон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жүргүзгөн.

Адвокаттын аты-жөнү ачык жарыяланган жок. Соттун өкүмүндө ал 2015-2017-жылдары Интернетке чыккан макала-маалыматтарга орус улутундагыларга жана Орусияга карата негативдүү маанидеги комментарийлерди жазганы белгиленди.

Соттук териштирүү учурунда ал коюлган айыпты моюнуна алган жок жана шектүү комментарийлер жазылган аккаунттарга тиешеси жок экенин айтты. Улут аралык кастыкты козутууга багытталган эч кандай кылмыш жасабаганын билдирди.

Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, кийин кайра кое берилген, окутуучу Темир Болотбек Жогорку соттон акталган. (RK)

XS
SM
MD
LG