Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Алайда өз жанын кыйды деген келиндин апасы милицияга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенип жатат. Милиция ал асынып өлгөн деп эсептейт, ал эми апасы андай болушунан күмөн саноодо. Бул тууралуу 8-февралда "Азаттык" радиосуна Ош облустук милициясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-февралда Гүлчө айылында болду. Келиндин асынган сөөгү короодогу сарайдан табылган. Маркумдун апасы кызынын өз жанын өзү кыйуусунан шектенип, милицияга арыз менен кайрылды.

Милиция билдиргендей, айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген келин бир нече күн мурда кесиптештери менен сүйлөшүп калып, балалуу боло албай жүргөнүн айтып берген.

Алай райондук ички иштер бөлүмүндө окуя боюнча Жазык кодексинин 136-беренеси («Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү») менен сотко чейинки териштирүү башталды.

Быйыл 21-январда Жалал-Абад облусунда өзүн өзү асып алды деген келиндин сөөгү эксгумацияланып, анын өлүмү кайрадан иликтене баштаган.

Январда ошондой эле Ысык-Көл облусунун Түп районунда жубайын муунтуп өлтүрдү деп шектелген адам кармалган.

Кыргызстанда жылына ондогон аял үй-бүлө зомбулугунун курмандыгы болууда. (DU)

XS
SM
MD
LG