Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Кыргызстандык фермер Австралиядан "дорпер"койлорун алып келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Кемин районундагы фермер Австралиядан ар бири 2,5 миң долларга бааланган "дорпер" тукумундагы (порода) 102 кой алып келди. Учак менен жеткирилген келинген койлор бир ай ветеринарлардын көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлиги маалымдады.

Министрликтин маалыматында, жеке фермерлер аркылуу мындай асыл тукум койлордон дагы миңди алып келүү пландалып жатат.

"Дорпер" - Африка жана Англиядагы койлордун аргындаштыруудан келип чыккан порода. Бул койдун этин май каптабайт, семирбейт. Бир жылда эки жолу жана көп учурда эгиздеп төлдөйт. Койдун салмагы 140 килогарммга чейин барат.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылкы эсебинде, Кыргызстанда 1 млн. 680 миң ири мүйүздүү мал, 6 млн. 266 миңден ашык кой-эчки, 522 миңден ашык жылкы бар.

Айыл чарба министрлиги чабандарды жайыт маселесине байланыштуу саны эмес, сапатына көңүл бурууга, асыл тукум мал багууга үндөп келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG