Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Адвокат камакка алынган Дыйканбаевдин кылмыш иши тууралуу маалымат берди


Азамат Дыйканбаев.
Азамат Дыйканбаев.

Ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалган Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, санарип өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин адвокаты Кайсын Абакиров тергөөнүн айыптоосу жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, тергөө Дыйканбаевди "Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd" деп аталган Кытай компаниясынан келишимди узартуу үчүн 2 млн. 600 миң сом талап кылган деп жатат. Адвокат Абакиров Азамат Дыйканбаевде келишимди узартуу укугу болбогонун айтууда.

20-майда Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара талап кылууга шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган.

Мекеменин маалыматына караганда, Дыйканбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Ага каршы арызды чет өлкөлүк компаниянын өкүлү жазып, сотко чейинки териштирүү башталган. Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде кармалган жетекчинин бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталат.

35 жаштагы Дыйканбаев министрлик кызматка эки апта мурда дайындалган. Ага чейин ал Байланыш боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган.

2020-жылдын ноябрында Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аталган агенттиктин жетекчилигин «байланыш операторлорунан радиожыштыктарды тартып алып, аймактардагы миңдеген абоненттерди Интернетсиз калтырышы ыктымал» деген доомат койгон. Дыйканбаев аны четке каккан.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы ишке кирип, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видеокамералар орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар-2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык "Shenzhen Sunwin" компаниясы жеңүүчү деп аталган. (AiB/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG