Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Зеленский: Донбасста орус паспортторун таратуу - аннексияга карай биринчи кадам


Владимир Зеленский. Киев, 20-май, 2021-жыл
Владимир Зеленский. Киев, 20-май, 2021-жыл

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москванын Донбасс тургундарына паспорт таратуусун аймактын аннексиясына багытталган биринчи кадам деп сыпаттады. 20-майда кызматка киришкенинин эки жылдыгына арналган пресс-конференцияда Зеленский муну “олуттуу маселе” деп атады.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын апрелинен бери Донбасста 527 миң кишиге орус жарандыгы берилди.

Москва 2014-жылы кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын күч менен аннексиялап алып, орустар колдогон жикчил күчтөр чыгыштагы ири аймакты өз көзмөлүнө алышкан. Акыркы айларда Орусия Украина менен чек арасына аскерлерди тарта баштаганда тараптардын мамилеси ого бетер курчуп кетти.

Зеленский Батыштагы өнөктөштөрдү чыңалууну басаңдатууга жардам берүүгө, Кремлге кысымды улантууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG