Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Лукашенко айыптоолорду моюнга албай догурунууда


Александр Лукашенко. Минск, 26-май 2021-жыл
Александр Лукашенко. Минск, 26-май 2021-жыл

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Батышты “кызыл сызыктан өткөндүгү” үчүн айыптады.

Дүйнөдөгү бир катар жетекчилер өткөн жекшембиде ирландиялык Ryanair компаниясына таандык учактын Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен беларус бийлиги тарабынан Минскиге күчтөп кондурулушун, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичтин камакка алынышын катуу айыптышкан. Айрым европалык лидерлер муну атүгүл “мамлекеттик террор” деп аташкан.

Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Лукашенко учакты кондуруу буйругун өзү берген. Бийлик "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты,

Окуяга байланыштуу Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, ал өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды.

Air France, Lufthansa, Singapore Airlines, Air Baltic авиакомпаниялары учактарына беларус мейкиндигин кыйгап өтүүгө көрсөтмө беришти.

“Биз билгендей эле, өлкө ичиндеги жана сыртындагы карасанатай адамдар мамлекетке чабуул коюунун ыкмаларын өзгөртүштү. Алар бир топ кызыл сызыктардан жана акыл-эстин, адамдык адеп-ахлактын чегинен ашып өтүштү”, – деди Лукашенко 26-майда парламентке кайрылып.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши шаршембиде жабык эшик артында чогулганы жатат. Бирок дипломаттар орток билдирүү кабыл алынбай калынышы мүмкүн экенин, себеби Минскини Москва колдоп жатканын айтышты.

Беларус бийлиги жана Орусия учакты кондуруу мыйзам чегинде болгонун айтып, айыптоолорду четке кагууда.

Батыш мамлекеттери Лукашенконун режимине каршы санкцияларды буга чейин да киргизген. Былтыр августта өткөн президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларда 30 миңден көп адам кармалып, катышуучулар, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталып келет.

Оппозиция жана бир катар Батыш мамлекеттери өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келген Лукашенко шайлоону жеңди деген жыйынтыкты тааныбай, добуш берүү бурмаланганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG