Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Беларус оппозициясы нааразылык акцияларын жандантат


Оппозициялык активисттер
Оппозициялык активисттер

Беларустун оппозициясы Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялардын "жаңы баскычын" даярдап жатканын билдирди.

26-майда бозгунда жүргөн Светлана Тихановская, оппозиция лидерлери түзгөн Координациялык кеңеш жана башка демократиялык күчтөр биргелешкен билдирүүдө “мыйзамсыз режимдин аракеттери өлкөнү дүйнө картасындагы кара такка айлантууда" деп белгилешти.

Оппозиция “террорду биротоло токтотуу” үчүн убакыт келди, күтүп отурууга болбойт деп эсептейт.

Дүйнөдөгү бир катар жетекчилер өткөн жекшембиде ирландиялык Ryanair компаниясына таандык учактын Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен беларус бийлиги тарабынан Минскиге күчтөп кондурулушун, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичтин камакка алынышын катуу айыпташкан. Айрым европалык лидерлер муну атүгүл “мамлекеттик террор” деп аташкан.

Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашкандай, Лукашенко учакты кондуруу буйругун өзү берген. Бийлик "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты,

Окуяга байланыштуу Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, ал өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды.

Былтыр августта өткөн президенттик шайлоодон кийин тутанган нааразылык акцияларда 30 миңден көп адам кармалып, катышуучулар, оппозиция өкүлдөрү, журналисттер куугунтукталып келет.

Оппозиция жана бир катар Батыш мамлекеттери өлкөнү 25 жылдан бери башкарып келген Лукашенконун шайлоодон жеңгенин тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG