Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

Бишкек шаардык соту Молдокматовду абакта калтырды


Жеиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында.
Жеиш Молдокматовдун тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдында.

Бишкек шаардык соту Жеңиш Молдокматовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Анын жактоочулары баш коргоо чарасын үй камагына алмаштыруу боюнча шаардык сотко арызданган.

Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 6-июлга чейин №1 тергөө абагында камакка алынган.

Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган.

Ага алгач былтыр октябрь окуяларында УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган деген айып тагылган. Кийин беренени өзгөртүп, октябрь окуяларында массалык башаламандык уюштурган деген кине койгон.

Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалаган. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келет.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG