Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Араван: депутатка 10 миң доллар талап кылган деген айып коюлду


Шектүүлөрдүн бири кармалган учур.
Шектүүлөрдүн бири кармалган учур.

Ош облустук милиция Араван районунда эки жаран 10 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Алардын бири айылдык кеңештин депутаты экени жана мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткени белгилүү болду.

"2021-жылы 26-майда Араван районунун Нур-Абад айыл аймагынын 57 жаштагы тургуну Б.У. арыз менен кайрылган. Ал Кайрагач-Арык аймагында жайгашкан “Байбува уулу Жорохан” соода борборуна өзүн “С” деп тааныштырган атуул шериги менен келип, опузалап 10 миң АКШ долларын талап кылып келгенин билдирген", -деп жазылат Ош облустук ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта.

Тергөө маалында кылмышка шектүүлөрдүн бири талап кылган 10 доллардын үч миңин алып жаткан жеринен колго түшкөн. Учурда кылмышка шектүүнүн бири үй камагына чыгарылды. Кимиси тергөө абагында калганын милиция тактаган жок.

Бул факт Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгү ("Опузалап талап кылуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталды. Тергеп-иликтөө уланып жатат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG