Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Азиянын түштүк-чыгышында коронавирус күч алды


Ханойдун көчөсүндөгү беткап тагынууну эскерткен жарнак.
Ханойдун көчөсүндөгү беткап тагынууну эскерткен жарнак.

Коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Малайзия 1-июндан тарта толук карантин киргизди.

COVID-19 илдетине кабылгандардын саны Тайвань менен Вьетнамда дагы көбөйүүдө. Вьетнамдагы ири шаар Хошиминин бийлиги калаадагы тогуз миллион адамдын баарынан тест алууну көздөп жатат. 1-июндан баштап борбор калаа Ханойдогу эл аралык аэрпорт чет жактан келчү рейстерди кабыл алууну убактылуу токтотту.

Ал арада Түштүк Америкадагы Перу мамлекетинде жаңы эсептөөлөрдөн кийин коронавирустан каза болгондордун саны эки эсе көп болуп чыкты.

Жаңы маалыматка ылайык, 32 миллиондой калкы бар өлкөдө коронавирус 180 миңден көп адамдын өмүрүн алган. Буга чейин бул сан 70 миңдин тегерегинде болчу. Түштүк Америкадагы Бразилия менен Мексика дагы бул илдеттен көз жумгандардын саны көп мамлекеттердин сап башында турушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG