Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Чек арадагы окуяларда жараат алгандар дарыланууну улантууда 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя учурунда алган жарааты оор болгондуктан, Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна которулган бейтаптардын дээрлик баарынын дарылануусу аяктап калды.

Ооруканадан "Азаттык" радиосуна 1-июнда кабарлашкандай, азыр ал жерде төрт бейтап дарыланууда. Алардын абалы канааттандырарлык экени буга чейин кабарланган.

Бул ооруканага Баткенден жалпысынан 36 бейтап которулган, алардын тогузу кийин аскердик госпиталга, дагы бирөө Түркияга дарыланууга жөнөтүлгөн.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, чек ара окуясында 154 адам жараат алган, алардын 57си Бишкектеги үч ооруканага (Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук хирургия борборуна, Улуттук госпиталга) жаткырылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG