Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Бишкек: 22 адам тамакка ууланган ашкана убактылуу жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте жыйырмадан ашуун адам тамакка ууланган ашкана убактылуу жабылды. Бул тууралуу 2-июнда “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Анын айтымында, окуя 25-26-май күндөрү болгон. Жалпысынан 22 адам ууланган, алардын тогузу Токмоктогу ооруканага, 13ү Бишкектеги Чүй облустук ооруканасына жактырылган. Көбү ооруканадан чыкты, дарыланууну улантып жаткан бейтаптардын абалы канааттандырарлык:

“Ашкананы биз 15 миң сом айыппул салып, 29-июндан тартып ишин убактылуу токтоттук. Себебин билүү үчүн лабораториялык изилдөө жүрүп жатат”.

Коомдук тамактануу жайларында адамдар ууланган учурлар буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам ууланып каза тапкан.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG