Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

3-июндун аба ырайы


Кыргызстан. Сары-Челек.
Кыргызстан. Сары-Челек.

3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарына өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG