Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Милиция Инандыны табууну талап кылгандар менен жолукту


Инандыны табууну талап кылгандар экинчи күнү да чогулушту. Бишкек. 2-июнь, 2021-жыл.
Инандыны табууну талап кылгандар экинчи күнү да чогулушту. Бишкек. 2-июнь, 2021-жыл.

Бүгүн, 2-июнда “Сапат” билим берүү мекемесинин мугалимдери, мектептеринде билим алган балдардын ата-энелеринен турган топту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кабыл алды.

Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда мекеменин кечээтен бери дайынсыз болуп жаткан президенти Орхан Инандыны издөө иштери тууралуу маалымат берилди.

Азыркы тапта Инандыны издөөгө Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн иликтөөчү-оперативдик тобу тартылган. Күбөлөр суракка алынып жатканы айтылууда.

Орхан Инандынын каалгасы ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошол бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу чукул кайрылуу кабыл алып, тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөттү.

Кыргызстанда 16 "Сапат" жеке лицейлеринин, Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инандынын теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG