Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Жарандыкка байланыштуу даттануулар көбөйдү


Кыргызстандын паспорту.
Кыргызстандын паспорту.

Президенттик администрациянын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык көрүнүштөргө арыздангандар көбөйгөнүн кабарлады.

"Акыркы учурларда жарандык берүү, атуулдукту калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенгендер тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоого кабылгандардан даттануулар түшүп жатат. Ошондуктан бул багытта сак болууга чакырабыз”, - деп айтылат анда.

Бүгүн, 2-июнда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жана жарандык берүү тууралуу жарлыктарга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, 242 адам жарандыктан чыкты. Ал эми Кыргызстандын атуулдугуна 81 адам кабыл алынды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG