Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Өлүмгө жана түрмөгө түрткөн ала качуу


Өлүмгө жана түрмөгө түрткөн ала качуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:49 0:00

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланышту отурум 11-июнда уланды. Кылмышка шек саналып кармалгандардын бири Орзубек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Замирбек Раманкулов айыпсыз экенин айтты.

Андан тышкары, бул окуяга байланыштуу кармалган Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу да жарым-жартылай күнөөлүү экенин айтышты. Бул тууралуу Айзаданын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Коронавирус пандемиясынан улам сот жараяны онлайн өттү. Ишти судья Салтанат Есенкулова карап жатат. Кийинки отурум 15-июнда болот.

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен 5-апрелде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекованын сөөгү 7-апрелде табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып каза болгон. Айзада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдан кийинки экинчи кыз. Бишкектин так борборундагы видео көзөмөлгө түшүп калган окуяга эмне себептен убагында көңүл бурулган жок? Үч жыл мурда ала качуунун курмандыгы болуп, укук коргоо органдарынын имаратынын ичинде каза тапкан Бурулайдын жүрөк титиреткен окуясы эмнеге сабак болбой жатат?

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG