Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Кыргызстан менен Канада "Кумтөр" маселесин талкуулады


Руслан Казакбаев жана Марк Гарно
Руслан Казакбаев жана Марк Гарно


Бүгүн, 3-июнда Кыргызстан менен Канаданын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Марк Гарно телефондон сүйлөштү. Эки министр Кумтөр кенинин айланасында пикир алышты.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Казакбаев "кыргыз бийлиги ак ниет чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүүгө даяр экенин, "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы кырдаалды бир тараптуу кабыл алууга өбөлгө түзүүчү билдирүүлөрдү жасоодон алыс болуу керектигин" белгилеп, өлкөгө мыйзамдарды, айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин сыйлаган инвесторлор чакырыларын белгиледи. Маалыматта Канада тараптын айткандары кошулган эмес.

Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизүүнү тапшырган.


Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Centerra Gold” компаниясы мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Анын жетекчиси Скотт Перри "кыргыз бийлиги кенди иштетүүгө багытталган алардын диалог түзүү аракеттерин четке кагып" жатат деген билдирүү жасаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG