Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Аба ырайы: Күн 39 градуска чейин ысыйт


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору 7-июнга чейин Кыргызстанда күн ысып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 37…39 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулай турганын кабарлады.

6-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунда тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө, Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас облусунда тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 34…39;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14 градус болот.

6-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37 градус болот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG