Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

"Стратегиялык чечимдер" фонду кодекстер боюнча президентке кайрылды


Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны. 7-июнь, 2021-жыл.
Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны. 7-июнь, 2021-жыл.

"Стратегиялык чечимдер" коомдук фонду президент Садыр Жапаровдон Жазык кодекстеринин жаңы долбоорун кароону кийинкиге калтырууну суранган кайрылуу жолдоду.

Уюмдун билдирүүсүндө, кодекстердин долбоорун жазуунун башында турган Башкы прокуратура президенттин укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарын реформалоо үчүн жасаган аракетин дискредитациялады.

"Алар 1997-жылкы кодекстерге кайтып баргысы келет деп уккан чыгаарсыз. Булар адам укуктары жетишсиз корголгон кодекстер, аларда кыйноолорго, коррупцияга, жарандардын конституциялык укуктарын бузууга алып келген көптөгөн жоболор бар" деп айтылат кайрылууда.

Фонд кодекстердин долбоорун иштеп чыгууда жетекчилик кылган Башкы прокуратура талкуулоо үчүн бардык кызыкдар топтордун катышуусун камсыз кылбаганын кошумчалаган.

Ушул жылдын апрель айында Соттук реформа боюнча кеңеш таркатылган. Анын ордуна Сот жана укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш түзүлгөн. Жаңы кодекстер менен эксперттик жумушчу топ иш алып барган. Жогорку Кеңеш жакынкы күндөрү документтерди карай турганы маалымдалган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG