Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

УКМК:  Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүп жүргөн туруктуу каналдын уюштуруучулары кармалды


"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрмө бекети, Талас облусу
"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрмө бекети, Талас облусу

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пунктунан тышкары жерден жарандарды мыйзамсыз өткөрүү боюнча туруктуу канал түзгөндөрдү кармаганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Манас районунун үч тургуну чек араны көзөмөл пунктунан тышкары жерден жарандарды мыйзамсыз алып өтүүгө акча каражаттарын алып өткөрүү боюнча туруктуу канал түзүп алышканы аныкталган.

Шектүүлөр УКМКнын жана чек ара тозотунун кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факты боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 43-берене (Кылмышка кошо катышуу) боюнча иш козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдары кошумча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG