Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Младичтин өкүмү өзгөртүлгөн жок


Ратко Младич сотто. Гаага, 8-июнь, 2021-жыл
Ратко Младич сотто. Гаага, 8-июнь, 2021-жыл

БУУнун Гаагадагы трибуналы Босния армиясынын мурдагы кол башчысы Ратко Младичтин апелляциялык арызын канааттандырган жок. “Босниянын касапчысы” деген атка конгон мурдагы аскер башчы 1992-95-жылдары Босния-Герцеговинадагы уруш маалындагы геноцид, адамзатка каршы кылмыштар жана согуштук кылмыштар үчүн айыпталган. 2017-жылы өмүр аягына чейин кесилген.

Соттун 8-июндагы отуруму пандемиядан улам жабык өттү. Ага тагылган айыптардын арасында Сребреница шаарчасындагы 8 миңдей мусулман эркек киши менен өспүрүмдөрдү өлтүрүү фактысы да бар.

78 жаштагы Младич күнөөсү жок экенин айтып, Батышты, судьяларды калп айтат деп айыптаган.

Апелляциялык арызды кароо Младичтин саламаттыгына, кийин пандемияга байланыштуу бир нече жолу жылдырылган. Босниянын мурдагы саясий жетекчиси, геноцидге айыпталып өмүр аягына чейин кесилген Радован Каражич да жазасын өтөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG