Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

ЖК: жерлерди трансформациялоо мыйзам долбоору каралды


Айдоого түшкөн конуштардын бири.
Айдоого түшкөн конуштардын бири.

Министрлер кабинети даярдаган “Жер участокторун өткөрүп берүү (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында экинчи окууда каралды.

Мыйзамда Чүй менен Ош облустарында жалпы 1645 гектар жер трансформация болору жазылган.

“Чүйдүн Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы жана Ош шаарына жакын жайгашкан айыл өкмөттөргө тиешелүү жер тилкелер мыйзамдашат. Ал жерлерде 10 миңден ашык үй уруксаты жок салынып калган”, - деди Министрлер кабинетинин өкүлү Нурлан Шерипов.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда айдоо аянты катары көрсөтүлгөн 13 миң гектар жерге турак-жайлар салынып калган.

Бул жерде жашагандар тургундан байма-бай митинг өткөрүп, жашап жаткан үйлөрүн мыйзамдаштырып берүүнү талап кылып келишет. (MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG