Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Мирзиёевдин Тажикстанга расмий сапары башталды


Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон. Душанбе. 10-июнь 2021-жыл
Шавкат Мирзиёев жана Эмомали Рахмон. Душанбе. 10-июнь 2021-жыл

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бейшембиде эки күндүк расмий визит менен Тажикстанга барды. Аны Дүйшөмбү аэропортунда мамлекет башчы Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан кийин жетекчилер Улуттар сарайында сүйлөшүү өткөрүштү.

Сапардын жүрүшүндө 30дан ашык документке кол коюлары айтылган.

Эки коңшунун мамилелери Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тушунда салкындап кеткен. 2016-жылы бийликке Мирзиёев келгенден кийин алака-катнаш жакшыра баштады.

Маалыматтарга караганда, ортодогу соода жүгүртүү акыркы жылдарда көбөйүп, былтыр 500 миллион доллардан ашты.

Расмий Ташкент апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга биринчилерден болуп реакциясын билдирген. Өзбек Тышкы иштер министрлиги тараптарды кагылышууларды токтотууга жана стабилдүүлүк орнотууга чакырып, Ташкент жаңжалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG