Аскар Шабданов Талас шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык кеңештин башкы адиси Турсун Кыдырбаева билдирди.
10-июнда мэр шайлоого эки талапкер катышкан. Аскар Шабданов 23, атаандашы Адылбек Жусупбеков 8 добуш алган.
39 жаштагы Аскар Шабданов буга чейин банк тармагында иштеп келген. "Мегаком" компаниясынын Таластагы өкүлчүлүгүн башкарган. 2017-жылы "Республика-Ата Журт" партиясы менен Талас шаардык кеңешине депутат болгон.
2020-жылдагы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен шайлоого катышкан.
Талас шаардык кеңеши "Аманат", "Асыл Мурас-Жаштар", "Ыйман-нуру", "Республика", "Кыргызстан" партияларынан турат. (МТа, MKt)