Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Никитенко, Сурабалдиева, Айтматова суракка чакырылды


Элвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Ширин Айтматова.
Элвира Сурабалдиева, Наталья Никитенко, Ширин Айтматова.

10-июнда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, мурдагы депутаттар Элвира Сурабалдиева жана Ширин Айтматова күбө катары сурак берип чыгышты.

Никитенко жана Сурабалдиева күбө катары Аскер прокуратурасына чакырылган. Алар кайсы маселе боюнча күбө катары өткөнүн айтышкан жок.

Наталья Никитенко менен Эльвира Сурабалдиева 2017-жылы Кумтөрдөгү эки мөңгүнү жылдырууга уруксат берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышкан.

Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн бузуп, алтын казууга уруксат берген Суу кодексине өзгөртүү киргизүүгө сессияда каттоодон өткөн 85 депутаттын 63ү “макул”, 22си “каршы” добуш берген.

2017-жылы Суу кодексине өзгөртүү киргизилген учурда Алмазбек Атамбаев президент, Сапар Исаков премьер-министр болуп турган.

Ал эми 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон Ширин Айтматова күбө катары Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) чакырылды. Атайын кызмат Айтматова кайсы иш боюнча сурак берип чыкканын маалымдай элек.

Парламенттин 5-чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова 2012-жылы Кумтөр боюнча ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын мүчөсү болгон.

Бул ишке байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган. Бабанов өкмөттү жетектеп турганда анын парламенттеги өкүлү болгон Динара Молдошева тил кат менен бошотулган. Баарына тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Тергөөнүн купуялуулугунан улам алар сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG