Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Футбол талаасында эсин жоготуп кулаган даниялык спортчунун абалы турукташты


Окуя болгон учур.

Даниянын футбол боюнча курама командасынын мүчөсү Кристиан Эриксендин абалы туруктуу, ал ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 13-июнда Даниянын Футбол бирикмесинин басма сөз кызматы кабарлап, спортчу баарына салам айтып жатканын билдирди.

Ишемби күнү Европа чемпионатынын биринчи турундагы матчта Финляндия Данияны 1:0 эсеби менен утту. Беттештин биринчи таймы аяктап баратканда 29 жаштагы Эриксен оюн талаасында эсин жоготуп кулап, тура албай калган. Дарыгерлер ага 15 мүнөттөй жардам көрсөтүп, андан кийин ооруканага алып кетишкен. Матч убактылуу токтотулуп, 1,5 сааттан кийин кайра улантылган.

Экинчи тур 17-июнда болот. Анда даниялыктар Белгиянын курама командасы менен ойношот. Европанын футбол чемпионаты 11-июлда жыйынтыкталат. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG