Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:32

Москва: полицияны сындаган кыргызстандык келин камактан чыкты


Махбурат Эмилбаева юрист Чолпон Сатибаева менен. 

Москвада полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине арызданып, кийин өзү камакка алынган кыргызстандык Махбурат Эмилбаева 11-июнда кечки саат 8:00дө бошотулду.

Адвокат Александр Ким «Азаттыкка» билдиргендей, Москва соту 10-июнда Эмилбаеваны «полицияга баш ийбеген» деген негизде үч суткага камакка алган.

Эмилбаева полиция кызматкерлери өзүнө кордук көрсөткөнүн жана алар жоопко тартылышы үчүн аракет көрөрүн айтып жатат.

Орусияда жети жылдан бери мигрант болуп жүргөн Махбурат Эмилбаева «Новая газета» басылмасына кайрылган. 2-июнда Москвадагы Хамовники райондук полиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз алты саатка камакка алынганын, кызуу полициячылар өзүнө күч колдонгонун айтып берген. Анда полиция Эмилбаеваны эки административдик мыйзам бузууга – «бейбаштык» жана Орусияда жүрүү эрежелерин бузган деп айыптап, 5500 рубль айыппул менен коё берген.

Ал экинчи жолу макала жарык көргөндөн кийин, 8-июнда кечке маал иштеген жеринен кармап кетишкенин кабарлаган.

Ооруканага барып, денесиндеги тактарды расмий каттаткан Эмилбаева полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жана административдик мыйзам бузуу иштерин бурмалоо боюнча Тергөө комитетине, прокуратурага жана ИИМдин Жеке коопсуздук башкармалыгына арыз жазган. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG