Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу экспертиза дайындалды


Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн аныктоо үчүн тийиштүү эскпертизалар жүргүзүлөт. Милиция бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова маалымдады.

“1-июнь күнү Сокулук райондук милициясына Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окуучусу, 2008-жылы туулган Я.И. эсин жоготуп, каза болду деген кабар келген. Милиция өспүрүмдүн сөөгүн сыртынан караганда зомбулуктун изи байкалган эмес. Учурда окуянын жагдайлары иликтенүүдө”, - деди Нусупова.

6-класстын окуучусу Игорь Якунинди Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

13-июнда президенттин басма сөз кызматы өспүрүмдүн өлүмүн мекеме аралык комиссия иликтеп жатканын кабарлады.

Ошол эле күнү акыйкатчы Токон Мамытов бул иш тергелип бүткүчө директор кызматынан убактылуу четтетилип, окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүшү керектигин билдирди.

Ал эми “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму өспүрүм киши колдуу болгонун, директор жоопко тартылбай жатканын белгилеп, айыптуулардын баарын жазалоого чакырды.

Балдар үйүнүн жетекчилиги укук коргоочулардын дооматтары тууралуу азырынча комментарий бере элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG