Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

"Токтогул" - мөңгү суусун жыйнаган чөйчөк

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. Быйыл 10-июнга карата суу сактагычта 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.

Март айынын аягында суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. куб метрге чейин азайган. 2007-2008-жылдары "Токтогулдагы" суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет.

16x9 Image

Эрнист Нурматов

"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG