Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

COVID-19: Дагы төрт адам көз жумду, 787 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 17-июндагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19дан төрт бейтап көз жумду. Алардын баары Бишкек шаарында.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1 916​га жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 787 адамдан аныкталды. Бул жыл башынан берки антирекорд болуп калды.

Вирус Бишкекте 368, Чүй облусунда 130, Ош шаарында 97, Ош облусунда 96, Жалал-Абад облусунда 38, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 20, Таласта 11 жана Нарын облусунда эки кишиден чыкты. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 112 777 адамга жетти. Андан 103 930 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 2 169 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишиники оор деп бааланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көп экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG