Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

COVID-19: Бишкек, Ош шаары менен Чүй, Ош облусуна каттабай туруу сунушталды


Бишкек шаарындагы вирус менен күрөшүү.
Бишкек шаарындагы вирус менен күрөшүү.

Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб жарандарга Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облусуна каттабай турууну сунуштады.

Акыркы күндөрү вирус жуктургандар көбөйгөндүктөн, аталган облус жана шаарлар кызыл зонага кирди.

Ооруканалар толуп, Ош шаарында кошумча эки стационар ачылды. Бишкек шаарында 17-июнга карата коронавирусту дарылай турган ооруканаларда 97 бош орун калды. Кошумча стационарларды ачуу пландалууда.

Акыркы бир суткада COVID-19дан төрт бейтап көз жумду. Алардын баары Бишкек шаарында.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, 2020-жылдын март айынан бери 1 916 киши илдеттин курмандыгы болду.

Вирус соңку бир суткада дагы 787 адамдан аныкталды. Бул жыл башынан берки антирекорд болуп калды.

Вирус Бишкекте 368, Чүй облусунда 130, Ош шаарында 97, Ош облусунда 96, Жалал-Абад облусунда 38, Баткенде 25, Ысык-Көлдө 20, Таласта 11 жана Нарын облусунда эки кишиден чыкты. Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен оору жуктургандардын жалпы саны 112 777 адамга жетти. Андан 103 930 бейтап айыкты.

Ушул күндөрү 2 169 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94 бейтаптын абалы өтө оор, 602 кишиники оор деп бааланууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG