Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Франция: Ирандын өзөктүк келишими боюнча чечкиндүү аракеттер керек


Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу апрель айында Венада өткөн сүйлөшүү.
Ирандын өзөктүк келишимине байланыштуу апрель айында Венада өткөн сүйлөшүү.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын өзөктүк программасы боюнча алты жыл мурда кол коюлган келишимди жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө "орчундуу пикир келишпестиктер" бар экенин билдирди. Министрлик 16-июндагы расмий билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр кыйын болуп жатканын белгиледи. Ошондой эле чечкиндүү аракеттер зарылдыгын, андай кадамдар "тез арада" ташталышы керек экенин кошумчалады.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси да Иранда жаңы өкмөт ишке киришкенге чейин өзөктүк келишимге байланыштуу чоң жылыш болбой турганын ишарат кылган.

Иранда кезектеги президенттик шайлоо 18-июнда өткөнү жатат. Анда ашынган диниятчы, Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раиси жеңип чыгышы ыктымал.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан. Жо Байден президенттик кызматка киришкенден бери АКШнын жаңы администрациясынын өкүлдөрү өзөктүк келишимге байланыштуу эл аралык сүйлөшүүлөргө катышып жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG