Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Ала-Букада жаңы мектеп ачылды


Кызыл-Ата айылындагы жаңы мектеп.
Кызыл-Ата айылындагы жаңы мектеп.

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында жаңы мектеп бүтүп, пайдаланууга берилди.

2019-жылы курулушу башталган мектепти Сауд өнүктүрүү фонду каржылап, “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун алкагында салынды. Ага 69 миллион сом коротулду.

Кызыл-Ата айылындагы №6 Чангылов атындагы орто мектебинин окуучулары буга чейин бала бакчага ылайыкталган эски имаратта билим алышкан.

Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.

Ала-Бука аймагында 45 мектеп бар, анын алтоо авариялык абалда. Учурда райондо жаңы үч мектеп курулуп жатат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG