Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Бишкекте кыйноого каршы мини-футбол турнири өтүп жатат


Мини-футболдун катышуучулары, Бишкек.
Мини-футболдун катышуучулары, Бишкек.

Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун Эл аралык күнүнө карата Бишкекте мекеме-ишканалардын ортосунда мини-футбол боюнча VII турнир өтүп жатат.

19-июнда Кыргыз футбол бирлигинин стадионунда мамлекеттик, эл аралык уюмдардан, ЖМКлардан келген 15 команда күч сынашууда.

Катышкан командалар: Жогорку сот, Конституциялык сот, Акыйкатчы институту, Жогорку Кеңеш, Тышкы иштер министрлиги, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсеси, БУУнун Кыргызстандагы кеңсеси, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Юстиция министрлиги, Адвокаттар ассоциациясы, "Азаттык Медиа", "КТРК-Спорт", ЭлТР, "Өнөр" (шоу бизнес), "Адем" (бий тобу).

Таймашты Омбудсмен аппараты, “Эркиндик үнү" коомдук фонду жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор биргеликте уюштурду. Таймаш #КыйноосузАкыйкаттык #MakeLawNOTTorure чакырыктарынын алдында өттү.

Уюштурууга Кыргыз футбол бирлиги, Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, ЕККУ Бишкектеги программалык кеңсеси, OMCT, IRCT, “Шоро” мекеме-уюмдары өнөктөш болушту.

Мындай турнир Кыргызстанда 2014-жылдан бери такай өткөрүлөт.

БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен дүйнөдө жыл сайын 26-июнда кыйноолордун курмандыктарын колдоонун Эл аралык күнү белгиленет. Кыргызстандын күч органдары тергөө маалында шектүүлөргө, абакта отургандарга кыйноо колдонору тууралуу укук коргоочулар такай айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG